Бизмендерге чоңсунган кызмат адамдарын катуу жазалоо мыйзам долбоору сунушталды
Ага ылайык, мыйзамсыз текшерип ишкердин ишине тоскоолдук жараткан кызматкер 15 миң сом айып тартып, жумушунан бошотулат. Учурда айып 10 миң сом менен чектелет.
Мындан сырткары төмөнкүдөй жаңы нормаларды киргизүү каралган:
🔸Өз кызыкчылыгын көздөп ишкерге бут тоскондорго 50дөн 100 миң сомго чейин айып салынып же 2ден 5 жылга чейин камалат
🔸Ушундай эле кылмышты бир нече адам уюшуп жасаса 100-200 миң сом айыпка жыгылып, 7 жылга чейин эркинен ажыратылат
🔸Эгер мындай иштерден бизнесмен көп чыгымга учураса, ал текшерүүгө жооптуу кызмат адамы тарабынан жасалса, 250 миң сомго чейинки айып пул төлөйт же 7 жылга чейин кесилет
🔸Муну менен эле тим болбой мүлкү конфискацияланып, белгилүү мөөнөткө мамкызматта иштөөгө тыюу салынат.
Жогорудагы жазалар билип туруп күнөөсүз адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу же кылмыш ишин мыйзамсыз козгогондорго да тиешелүү.
Долбоордун максаты — ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо, жагымдуу инвестициялык климат түзүү. Демилгечи — министрлер кабинети.
@abal-kg



