Дүйнө

Кытай жерди байкоочу жаңы спутнигин учурду

Кытайда жерди байкоочу жаңы спутниги Кытайдын түндүк-батышындагы Цзюцюань спутник учуруу борборунан учурулду. Бул тууралуу маалымат агенттери жазып чыкты.

Маалыматка караганда, «Гаофэн-1205» спутнигин ташыган «Лонг Марш-4В» ракеталык аппараты Пекин убактысы боюнча 7 саат 45 минутада учту. Космостук аппарат пландалган орбитага ийгиликтуу жетти.

Спутник ар кандай тармактарда, анын ичинде жер каттоо, шаар куруу, жол тармагын долбоорлоо, түшүмдүүлүктү баалоо жана табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү сыяктуу тармактарда колдонулат.

Бул рейс Long March сериясындагы ракетанын 540-учушун билдирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button