Коом
Күн ачык болот. 2-ноябрга карата аба ырайы
Бейшембиде күндүз көпчүлүк жерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13…+18, Таласта +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көлдө +10…+15 жана Нарында +8…+13 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +16…+18 жана Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.



