Коом
УКМК: Ысык-Көлдө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

Бул тууралуу КР УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
КР УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы жана Түп районундагы “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде сот тарабынан уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Тинтүүнүн жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар жана экстремисттик баракчалар табылган.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин жыйынтыгы менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөсү, КР Ж.Э.М. аттуу жараны Каракол шаардык соту тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылды.



