Коом
Бишкектеги абанын сапатын өлчөөчү жабдуулар туура эмес маалымат бергендиги айтылды

Жаратылыш ресурстары, экология министрлиги Бишкектеги абанын сапатын өлчөөчү жабдуулар туура эмес маалымат бергендигин билдирди.
Соңку жылдарда борбор калаа кыш мезгилинде абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда.
Минстрликтин кызматкерлери шаардагы туура эмес көрсөтүп жаткан өлчөөчү жабдууларды текшерип, алардын тиешелүү сертификаттары жок экендигин аныктаган. Ошондой эле аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде орнотулгандыктан абанын сапаты тууралуу туура эмес маалымат бергендиги айтылды.
Экинчи сүрөт Бишкектин түштүгүнөн кечээ тартылган. Андан шаарды каптап турган кара ышты даана көрүүгө болот.



