Коом
«Манас» аэропорту жолундагы ызы-чуу. 4 айдоочуга 15 миң сомдон айып салынды

Авто ээнбаштык жасаган айдоочулар кармалууда. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
«5-ноябрь күнүнө караган түнү Бишкек-Манас унаа жолун жаап, унаа жарыш кылабыз деп жаткан жеринен 2 БМВ жана Ауди 80 үлгүсүндөгү унаалар кармалып, айдоочуларына карата Укук бузуу кодексинин 189-беренесине протоколдор түзүлүп, айдоочуларга ар бирине 15 миң сомдон айып пул салынды жана унаалары Сокулук аймагынын айып короо жайына киргизилди. Учурда дагы бир БМВ унаасынын айдоочусуна карата протокол түзүлүп жатат», —дешти.
Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделүүдө.



