Коом

Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган турист куткарылды

Күн мурун Ала-Арча капчыгайындагы «Рацек» чокусунан россиялык турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти ӨКМдин Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Белгилей кетсек, ӨКМге туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, кат жолдогон.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г. Россиянын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до «Рацек» чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган. Эвакуациялангандан кийин керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button