КоомСаясат

Вице-мэрликтен Мамкурулушка кеткен Нурдан Орунтаевдин өмүр баяны

Кечээ, 9-ноябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Нурдан Орунтаев 1988-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Туз айылында туулган. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясын юриспруденция жана соттук криминалист адистигин аяктаган. 

Эмгек жолу:

2006-2011-жылдары — Орусиянын Ички иштер министрлигинин Волгоград академиясынын курсанты;

2011-2012-жылдары — Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү;

2012-2014-жылдары —  Ички иштер министрлигинин Академиясында окутуучу;

2015-2016-жылдары — Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы;

2016-2018-жылдары — Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү; 

2018-2019-жылдары — Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары; 

2019-жылы — Чүй облусунун Москва районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы;

2019-2020-жылдары — Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы;

2020-2021-жылдары — Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү;

2021-жылы — Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2022-жылы — Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору;

2022 (август) — Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалган;

2023-жылы — Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басары.

2023-жыл (ноябрь) — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору.




Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button