Коом

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Ысык-Көлгө пансионат курууга инвестор издейт

«Кыргыз темир жолу»№ мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында пансионатты куруу үчүн инвесторлор издейт.

Ишканадан билдиришкендей, пансионат куруунун негизги максаты — туристтик потенциалды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле калкты, анын ичинде ишкананын кызматкерлерин сапаттуу эс алуу кызматтары менен камсыз кылуу саналат.

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында көл жээгинде жайгашкан курулушу бүтө элек «Кыргыз темир жолу» МИнин «Санаторий-профилакториясынын» аймагынан курулуш үчүн тилке белгиленген. Жалпы аянты — 9,55 гектар, анын ичинен курулушка бөлүнгөн аймак — 6,5 гектар, парк-пляж аянты — 3,05 гектар.

Белгиленгендей, каалоочулар «Кыргыз темир жолу» МИ, Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү №81 , тел: 0 312 92 70 26, почта: [email protected], же МЖӨ борбору — Бишкек шаары Исанов көч. 87, тел.: 0312 611129; e-mail: [email protected] дарегине кайрылса болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button