Окуялар

УКМК: Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран Москвадан кармалып, алып келинди — ВИДЕО

РФнын Москва шаарында КР УКМК тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган “Фейсбук” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган КР жараны “К.Н.К.” мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “К.Н.К.” Россия Федерациясынын аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинди.

Учурда соттун санкциясынын негизинде “К.Н.К.” 2023-жылдын 20-ноябрына чейин КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди.

 Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button