Маданият

Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөрү күтүлүүдө

Ноябрдын аягында Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

Министр Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмед Бодур менен жолугушуп, эки өлкөнүн маданият тармагында маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын сөз кылган.

«Жолугушуунун жүрүшүндө министр үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү пландаштырылганын билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button