Арча-Бешикте ымыркайын таштаган делген 20 жаштагы келин кармалды
Арча-Бешикте ымыркайын таштоого шектүү катары 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Ленин РИИБ окуя 19-ноябрда саат 22:45 чамасында катталганын билдирди. Милицияга Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды баштыкка байлап, кутуга салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Учурда энесин издөө жүрүп жатат.
Ал эми редакция ымыркайды төрөтканага алып барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Толкунбек Ташматов менен байланышканда, окуя болгонун тастыктады. «Бизге ымыркай жатат деген маалымат түшкөндө бардык. Абалы начар болчу. Дене табы түшүп кетиптир. Оозунда кагаз болгону чын. Азыр дене табы калыбына келди дешти. Бир аз кечирээк болгондо чарчап калмак экен. Уул баланы 2-төрөтканага алып бардык», — деген.
Ал арада социалдык тармактарда ымыркайды дарыгерлерге жеткирген Милициянын кайгуул кызматынын 2 кызматкеринин видеосу тараган.



