Коом

Республика боюнча «Ууру» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө

2023-жылдын 21-22-ноябрында республиканын аймагында «Ууру» аталышындагы комплекстүү ыкчам-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, ички иштер органдарынын тартылган бөлүктөрүнүн күчтөрүнүн жана каражаттарынын эсеби түзүлдү. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан рейддик алдын алуу иш-чараларынын максаты-кылмыштуулукту алдын алуу жана криминогендик абалды жакшыртуу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду аныктоо жана бетин ачуу, уурдалган мүлктү мыйзамсыз сатып алууга катышкан адамдарды аныктоо болуп саналат.


Эки күндүк иш-чарага кылмыш иликтөө бөлүктөрү, коомдук коопсуздук кызматтары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү жана башка кызматтар тартылды.
Жогорудагы өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизги тапшырмаларынын бири-мүлккө кылмыштуу кол салуулардан мыйзамдуу коргоонун каражаттары жана ыкмалары жөнүндө түшүндүрүү жана маалымат берүү. Буга уюмдардын, айрым объектилердин, анын ичинде бизнес объекттеринин материалдык-техникалык жактан бекемдигин камсыздаган түн ичинде аймакты жарыктандыруу, эшиктерди бекемдөөнүн абалы, кулпулардын ишенимдүүлүгү, сигнализация тутумун орнотуу кирет.


Калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жеке жана мүлктүк коопсуздукту жогорулатуу үчүн кылмыштуулукту алдын алуу маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Жөнөкөй сактык чараларын аткаруу мүлктү сактоого жана кол салууларды алдын алууга жардам берет. Кээде уурулуктардын катталышына жарандардын этиятсыздыгы жана мүлктү сактоо боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү себеп болот.


«Ууру» аталышындагы рейддик профилактикалык иш-чаралар эки күн бою жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, кылмыш иликтөө багыты боюнча жасалган кылмыштардын жалпы санынын 55%дан ашыгын башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо түзөт.
2023-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан башка бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоо боюнча 7 миңден ашуун фактылардын бети ачылган. Ошого карабастан, көптөгөн уурулуктардын бети ачыла элек.


10 айдын ичинде мүлктү уурдоо боюнча 15 миң 460 кылмыш иши козголуп, 240 кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Уурулук фактылары боюнча 2900дөн ашык адам кармалып, мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылууда. Мүлктү уурдоонун натыйжасында, келтирилген зыяндын орду 289 миллион 393 миң сомдон ашык.
Мүлктөрдү уурдоо боюнча кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button