Пайдалуу кеңештер

Оорубаш үчүн жаш баланын иммунитетин кантип көтөрсө болот? Адистин сунушу

Вирустук инфекциялар күчөгөн маалда баланын иммунитетин кантип көтөрүү керектигин педиатр Андрей Продеус Sputnik радиосуна берген маегинде айтып берди.

Адис баланын өзү эле эмес, үй-бүлөнүн бардык мүчөсүнүн эмдөөдөн өтүшү коргоонун эң жакшы жолу экенин айткан.

«Үй-бүлөнүн бардык мүчөсү эмдөөдөн өтүшү керек. Эгерде үйдөгүлөрдүн жарымы вакцина албаса, баланын ооруга чалдыгып калуу коркунучу эки эсе жогорулайт», — деген дарыгер.

Ал ошондой эле балдар уйку режимине өтө сезгич келерин эскерткен. Тактап айтканда, чүрпөңүздүн режими бузулуп, аз уктаса иммунитети төмөндөп кетет.

«Саат 23:00дөн түнкү 3кө чейин бала укташы керек. Ал убакта клеткалар калыбына келип, сөөк өсөт. Олку-солку уйку режиминде клеткалар калыбына келүүгө жетишпей, иммунитет алсырай баштайт», — деген Продеус.

Мындан тышкары, таза абада сейилдөө, туура тамактануу зарыл. Балдарга өзгөчө курамында темир, D витамини болгон азыктар берилиши сунушталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button