Коом

Токтогулда милиция баӊгизат сатып жүргөн 28 жаштагы жаранды кармады

Токтогулда милиция баӊгизатын сатып жүргөн 28 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында алдын алуу иш-аракеттери учурунда 23-ноябрда Токтогул районунун аймагында түнкү саат 22:00 чамаларында Токтогул районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.К.ны текшерген учурда кийип турган курткасынын оң жана сол чөнтөктөрүнөн төрт бурчтук формадагы кара-күрөң түстөгү баӊгизатка окшош зат табылган.

Бул окуя Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар, так салмагы 270 грамм гашиш баӊгизаты экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button