Окуялар
УКМК: Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
2023-жылдын 22-ноябрында С.Юсупов а/а мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



