Окуялар

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аялды ӨКМ кызматкерлери сактап калышты

Бишкекте аял өз жанын кыюуга аракет кылып, бирок аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткарып калганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

«Восток-5» кичи районунан белгисиз аял суицид жасоого аракет кылып жатканы тууралуу кабар түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон жерге ыкчам жетип барышкан. Алардын кесипкөйлүк жана ыкчам аракеттеринин аркасында аял аман-эсен куткарылып, андан соң Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

ӨКМ жарандарды кайдыгер болбоого чакырат. Эгер кооптуу кырдаалга күбө болсоңуздар же кимдир бирөөгө жардам керек болсо, дароо 112 номерине кабар бериңүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button