Коом

ИИМ жарандарга мыйзамсыз миграциянын кесепеттерин эскертет

Адамдар экономикалык, саясий же гуманитардык себептерден улам чек араны кесип өтүүнүн мыйзамсыз жолдорун издеши мүмкүн. Бул мигранттар үчүн алар жетүүгө аракет кылып жаткан өлкөлөр кооптуу жана юридикалык же каржылык жактан терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Мыйзамсыз миграция дегенибиз — чек арадан тийиштүү документтерсиз же уруксатсыз өтүү менен башка өлкөгө мыйзамсыз кирүү болуп саналат.
Ошондуктан, Ички иштер министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборуна кайрылууга чакырат. Толук маалыматты migrant.kg сайтынан алсаңыздар болот.
Чет өлкөдө жумуш сунуштаган башка адамдар алдамчы болушу ыктымал. Сак болгула!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button