Экология министрлиги: Өзгөн районуна караштуу айылдарга жакын жайгашкан таштандыларга чара көрүлдү

2023-жылдын 1-декабрь күнү Өзгөн районунун тургуну Жеңишбек Вахаповдун ютуб каналына жарыялаган, Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Таштак айылына жакын жерге таштандылар чар жайыт төгүлгөн фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевдин өз көзөмөлүндө болуп, аталган жерге министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Токтогул Мамашов жана экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы менен, ордунда барып текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдишти.
Ошондой эле аталган жердеги чар жайыт төгүлгөн турмуш тиричиликтен чыккан калдыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү менен бирге жергиликтүү бийликке жана калкка түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.
Тактап айта кетчү нерсе, бүгүнкү күнгө чейин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Өзгөн районунун бардык айыл өкмөттөрүнө, турмуш-тиричилик калдыктарын жайгаштыруу боюнча бир нече каттар, эскертүүлөр берилип келген.
Негизинен, бизге убагында жеткирип турган, экологиялык коопсуздуктун алдын алып, айлана чөйрөнүн булганышына кайдыгер карабаган Жеңишбек Вахаповко ыраазычылык билдиребиз.
Мындан ары да экологиялык коопсуздуктар жаралган жана бүт бизди курчап турган айлана чөйрөбүздө болгон терс көрүнүштөргө убагында алдын алып, чара көрүлөт, — деп билдирди.





