Дүйнө

Россияда мектепте басмырланган окуучу кыз туш келди ок атып, классташы каза болду

Россиянын Брянск шаарындагы №5 гимназиясынын сегизинчи классынын окуучусу классташтарын көздөй туш келди ок атканда бир кыздын өмүрү кыйылып, төрт окуучу жараат алды.

Жергиликтүү милиция билдиргендей, жабыркагандардын биринин абалы оор. Окуядан кийин кылмышка шектүү өз жанын кыйганы маалым болду.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 14 жаштагы окуучу кыз атасынан куралы менен мектепке барып, туш келди аткылаган. Анын себеби белгисиз. Телеграм-каналдар кылмышка барган кыз бир топ убакыттан бери классташтарынын басмырлоосуна кабылып келгенин кабарлашты.

Мектептеги окуучулар жана мугалимдер коопсуз жакка эваукацияланып, алар менен психологдор иштешүүдө. Окуу жайдын имараты курчоого алынды. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду.

Полиция кыздын атасы кармалып, суракка алынганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button