Окуялар

Каракол шаарында Англияга виза алууга жардам берем деп, акчасын алып, алдап кеткен жаран кармалды

Ноябрь айынын башында Каракол ШИИБге Бишкек шаарынын 54 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз жаран Англияга виза алууга жардам берем деп, андан 39 миӊ рубль акча каражатын алгандан кийин, изин жазгырып кеткендигин билдирген.

Жабырлануучунун арызы Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шаардык милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери шектүү жарандын изине чыгышып, колго түшүрүүгө жетишишти. Шектүү жаран болуп, Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну Р.К. болуп чыкты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү күнөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы кошумча эки алдамчылык фактысына тиешестиги бар экендиги аныкталды. Шектүү жаранга карата бир айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда, тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button