Коом

Чүйдүн Александровка айылында 100 балага ылайыкталган бакча курулат

Чүй облусунун Александровка айылында 100 орундуу бала бакча курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Москва районунун Александровка айылында 100 орундуу бала бакча курууга тендер жарыялады.

Объекттин сметалык баасы 86 миллион 160 миң 655 сомду түзөт.

Катышуучулардын билдирмелери 21-декабрга чейин кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button