Окуялар

УКМК: “Аю” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баш тартты – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР УКМК жана Талас облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө “Сакал” деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дж.А.Дж.га карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Дж.А.Дж. кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты.

Ошону менен бирге ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирээрин ишендирди.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын УКМК жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 билдирүүгө чакырат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button