Коом

Караколдун чок ортосунда дрифт жасаган айдоочу кармалып, 7500 сом айып салынды

Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө айдоочу автоунаасын чаң ызгыта айдап, дрифт жасаганын Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, жакында эле аталган көчөдө реконструкция иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлгөн.

Окуя 5-июль күнү кечинде болгон. Күбөлөр Toyota Carina унаасынын дрифт жасаганы тууралуу дароо милицияга кабарлаган. Жерине укук коргоо органдары барып, Бишкектин 19 жаштагы тургунун колго түшүргөн. Ага 189-берене («Автоээнбаштык») боюнча протокол түзүлүп, 7 500 сом айып салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button