Ысык-Көлдө кезектеги браконьерлер кармалды — ФОТО

Ысык-Көлдүн пкваториясында балык запастарын мыйзамсыз кармоого бөгөт коюу максатында активдүү иш-аракеттер турмушка ашырылып келүүдө.
Анткени, браконьерликке каршы күрөшүү облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Аталган кызматтын инспекторлору шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте күн сайын атайын рейддерди өткөрүп, ар бир жолу бул багыттагы мыйзам бузуу фактыларын аныктап келишет.
Жакында, туристтик-экологиялык милициясынын жана Түп РИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз балык уулоо менен алектенип жаткан 27 жаштагы Түп айылынын тургуну Х.А. кармалган. Кармалган жарандан 75 даана “Сиг-Лудога” балыгы, 8 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана бир үйлөмө кайыгы алынды.

Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында милиция кызматкерлери көлдүн ж\\гинен мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен О.Э. аттуу 39 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Андан далил зат катары 11 даана “Сиг-Лудога” балыгы алынды.
Аталган фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматтарына өткөрүлүп берилди.


