Коом
12 жылдан бери Россияда абакта отурат. Депутат кыргызстандыкка жардам берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрнис Айдаралиев Министрлер Кабинетине кайрылып, Россиядагы абактардын биринде 12 жылдан бери отурган Кыргызстандын жаранына жардам берүүлөрүн өтүндү.
Айтымында, ал жаран ак жеринен, бирөөлөрдү жалаасына кабылып, баңгизатты соодалоого айыпталып отурат. Кармалган учурда ал абдан жаш жигит болгон жана орус тилин билген эмес.
«Кылмыш иши деле козголбогон, жөн гана отурат», — деди депутат.
Жарандын туугандары КР прокуратурасына кайрылышкан, бирок жыйынтык болбогонун Айдаралиев кошумчалады.



