Коом
550 миң доллар пара алууга шектелген БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов күнөлүү деп табылды

550 миң доллар пара алууга шектелген БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов күнөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон маалымдады.
Ал соттун чечими менен 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.
11-сентябрда БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Ал Биринчи Май райондук сотуна жеткирилип, сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган. Январдын башында Биринчи май райондук соту Эшимовдун баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон. Кийин ал аталган райондук соттун чечими менен акталган.



