Жашыруун төрөп, баланы төрөт үйүндө калтырууга уруксат берилет. Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду
Депутат Жылдыз Садырбаева жашыруун төрөөгө уруксат берүү мыйзам долбоорун демилгеледи.
Ага ылайык, турмуштук оор кырдаалга кабылган аял аты-жөнүн, кайдан келгенин төрөт процессине катышкан медиктерге да билдирбестен купуя сыр бойдон калтыра алат. Максаты — кош бойлуулугун жашырган эненин жана ымыркайдын саламаттыгына кам көрүү. Муну менен адистештирилген жашыруун төрөт бөлүмдөрүн ачуу сунушталды. Наристесин ал жакка калтырып кетсе, мамлекет багып чоңойтот. Асырап алууну каалагандарга бериши да мүмкүн.
«Үйдө, жер төлөдө, гараждарда төрөө оор кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн. Адистештирилген бөлүмдөр баладан баш тартуунун алдын алат»
Бүгүнкү күндө төрөт үйлөрү төрөттү жашыруун кабыл алуудан баш тартып жатканы белгиленген. Анткени мыйзам менен бекитилген регламент жок.



