Коом

Экология министрлиги тарабынан рейд жүрүп, мыйзам бузгандарга айыптар салынды

Бул тууралуу аталган министрликтин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 11-декабрынан 16-декабрына чейин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана жол кыймылын көзөмөлдөө (МАИ) кызматы менен биргеликте рейд өткөрүлдү. Рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын «Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана түтүнгө каршы күрөшүү» буйругунун негизинде жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө кичи автобустар, оор жүк ташуучу унаалар жана жеңил унаалар түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү аспап менен текшерилип. Анын жүрүшүндө 11 мыйзам бузуу аныкталып, 82 500 сомго айып салынды.

Кызмат айдоочуларды абадан чыккан газдардын курамында ашыкча зыяндуу заттары бар транспорт каражаттарын оңдоп айдоого чакырат. Аталган мыйзамсыз көрүнүштөр катталган учурда  Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнундө Кодексинин 234-беренесине ылайык транспорт каражаттары тарабынан атмосферага булгоочу заттарды чыгаруунун ченеминен ашкан учурда жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23000 сом айып салынаарын эскертет.

Мындан тышкары, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан браконьерликке, бак-дарактарды жана токой көчөттөрүн мыйзамсыз кыюуга, ошондой эле экология жаатындагы башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча рейдтер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Анын жүрүшүндө 13-декабрда Жети-Өгүз районунун Кумтөр-Барскоон унаа жолунда Жети-Өгүз районунун тургуну тиешелүү документтери жок аңчылык кылып жүргөнү аныкталып, текшерүү учурунда тиешелүү уруксат кагазы жок ок атуучу курал жана ок-дарылар табылып, алынган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз РИИБдин аймактык милиция кызматкерине өткөрүлүп берилди.

Рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө 15-декабрь күнү Нарын-Кочкор унаа жолунда жапайы чычырканактарды тиешелүү документтери жок чогултуп жаткан жеринен Ат-Башы районун тургуну аныкталып, эреже бузган жаранга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөнүндө Кодексине ылайык 10 миң сом айып салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button