Коом

Жусупбек Коргонбай уулу Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке мүчө болуп шайланды

Ал Жогорку Кеңештин квотасы менен парламентарийлер тарабынан добуш берүү аркылуу тандалды. Аны менен ат салышкан Мейкинбек Абдалиев өтпөй калды. Коргонбай уулу бул кызматты депутаттыгы менен кошо айкалыштырат.    

Буга чейин аталган кеңеште депутат Русланбек Жакышев мүчө болчу. Ал өз ыктыяры менен кеткени маалым болду. 

Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьяларын конкурс аркылуу тандайт. Андан өткөн талапкерлер президентке сунушталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button