Коом
БШК: Парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон жарандардын саны 458ге жетти

23-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген 458 жаран арыз жазды.
БШКдан маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.
Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот.
Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылат.



