Коом

«Арстан Алай абакта каза болду» деген маалымат жалган

«Арстан Алай абакта каза болду» деп интернетке тарап жаткан маалымат жалган. Бул тууралуу Reporter.kg’ маалымат булагы жазып чыкты. Бул тууралуу  Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти дейт аталган булак.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарда Арстан Алай каза болгону тууралуу маалыматтар чыккан.

Жазаларды аткаруу кызматы Арстан Алай тирүү экенин, интернетте жалган маалымат таратылганын билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Арстан Алай 13-декабрда эртең менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Бирок, 14-декабрда, ал УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болгон. УКМКнын маалыматы боюнча, Арстан Алайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин козголушуна Арстан Алайдын соцтармактар аркылуу жасаган билдирүүлөрүндө диний аралык кастыкты козутуунун белгилери табылганы себеп болгон.

Ал 2024-жылдын 15-январына чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button