Айдоочулар кайсы жол эрежелерин бузганда кайрадан экзамен тапшырат?
▪️жасалма номер менен унаа айдоо, же номерди жашырууга жардам берүү үчүн каражаттарды колдонуу
▪️инспектордун талаптарына, анын ичинде унааны токтотуу талабына баш ийбөө
▪️ылдамдыкты 60 км/сааттан ашыруу
▪️каршы тилкеге чыгуу, тез жардам жана башка атайын сигналдары бар унааларды өткөрбөй коюу
▪️эгерде жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен башка автоунаа, жүк, жол курулушу жана башка мүлк бузулса, адамдын ден соолугуна зыян келтирип, бирок айдоочунун аракетинде кылмыш-жазалоочу жосундун белгилери жок учурлар
▪️мас адамдын же айдоочулук күбөлүгү жок адамдын рулда болуусу
Эске салсак, 8-мартта күчүнө кире турган жаңы мыйзамга ылайык, жыл ичинде 3 же андан көп жолу жол эрежелерин бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет.
@user2



