УКМК: Ош шаарында сойкуканалар аныкталды

2023-жылдын 22-декабрында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы менен бирдикте Ош шаарындагы сойкуканаларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шаардагы батирлердин биринде интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн эки кыз (Ош облусунун тургундары А.У. жана К.А.) кармалды.

Мындан тышкары, акча табуу үчүн “боди массаж” салону деп жашыруун интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн, борбордон Бишкектен барган дагы үч кыз С., А. жана Н. аныкталды. Ошондой эле, чакыруу боюнча интимдик кызмат көрсөткөн эки кыз Д. жана Н. кармалды.
Бул кыз-келиндердин иштеген жерлерин тинтүү учурунда интимдик кызмат көрсөтүү үчүн кардарлар менен байланышууга гана колдонулган бир нече уюлдук шзтелефондор, ошондой эле бир катар интимдик каражаттар табылган.

Жалпысынан сексуалдык кызмат көрсөткөн 7 кыз аныкталып, тергөө органдарына жеткирилди.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын алкагында сойкукананын уюштуруучулары, батир ээлери жана сойкулукту уюштурууга тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында тиешеси бар жактарга юридикалык баа берилет.
КР УКМК сойкулук менен алектенүү жана ага тартуу, ошондой эле интимдик жайларды уюштуруу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.



