Окуялар

4-кабаттан өзүн таштоого аракет кылган 29 жаштагы жигит куткарылды

Кызыл-Кыя шаарында 4 кабаттуу имараттан өзүн таштоого аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-январь күнү саат 14:52де Кызыл-Кыя шаарында 4 кабаттуу имараттын чатырында бир жаран өз өмүрүнө зыян келтирүү аракетин көрүп жаткандыгы тууралуу 101 кызматына маалымат түшкөн. Жерине саат 14:54тө №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу чыгышкан.

Саат 14:59да куткаруучулар аталган дарек боюнча барган учурда, 1995-жылы туулган Т.Б уулу аттуу шаар тургуну экендиги аныкталып, сүйлөшүүлөрдөн кийин куткарылган жаран 102 жана 103 кызматтарына тапшырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button