Коом

Издөөдө жүргөн жаран көчөдөгү камеранын көмөгү менен кармалды

Ош шаарынан милиция кызматкерлери, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча издөөгө жарыяланган Ош облусунун тургуну А. А. коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады.

Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жургөн.
Белгилей кетсек, ага карата 2021-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button