
Сузакта балдарды сүзүп кеткен Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-майда Жалал-Абад шаардык сотунда айдоочу Ж.Б.нын баш коргоо чарасы каралып, ага карата үй камагы тандалган.
Белгилей кетсек, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2-майда Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү менен (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапышрмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
Тергөө амалдары жүрүгүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-жылы туулган Ж.Б. суралып, ал Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.



