Коом

УКМКнын Чек ара кызматынын 30 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш чара өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 30 жылдык маарекесине арналган майрамдык иш-чара  болду.

Бүгүн, 28-май Бишкек шаарындагы Жеңиш сейил багында Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы «Чек ара даңкы» аллеясында өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев баштаган УКМКнын жана Чек ара кызматынын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Майрамдык салтанатка бир катар чет мамлекеттердин Кыргызстандагы аскердик атташелери, Россия Федерациясынын Федералдык Коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын өкүлдөрү, Борбордук Азиядагы чек араны башкарууга көмөктөшүү программасынын (БОМКА) аймактык жетекчиси Марис Доминьш конок катары катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Чек ара кызматынын бир катар кызыматкерлерине сыйлыктар ыйгарылып, «Чек арачы жоокер» айкелине гүлчамбар коюлду, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button