Коом
Өлкөдө өлгөн малды союп сатышкан

Мындай учурлар 2023-жылы мал союучу жайларга рейд жүргүзүүдө белгилүү болгонун Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергенов билдирди.
Тагыраагы, Каракол шаарында мал союучу жайда жана Ош шаарынын азык-түлүк базарында өлгөн малдын союлганы далилденген. Ошондой эле Нарын облусунан Бишкек шаарына учуп өлгөн малдын этин ташыган транспорт каражаттары аныкталган.
Ветеринардык кызматтын директору бул маселеге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.



