Коом
Кызмат учурунда каза болгон ЖАКнын кызматкерлеринин 10 баласына стипендиялар берилди

Алгачкы стипендиялар КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин 10 баласына берилди.
Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта ЖАКнын кызматкерлеринин балдары мектепти аяктаганга чейин ай сайын 1000 сомдон стипендия алышат.
Жаза аткаруу тутумунун кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү долбоору кайрымдуулук жана коомдук фонддордун жардамы менен ишке ашырылууда, — деп билдирди ведомстводон.




