Саясат
Президент Садыр Жапаров «Ош» базарды кыдырып, кассалык аппарат боюнча өзү түшүндүрүп жүрөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкектеги «Ош» базарын кыдырып жүрөт.
Өлкө башчы соода кылып жаткан жарандар менен баарлашууда. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Сутанбаевдин айтымында, Жапаров сатуучуларга кассалык аппарат боюнча түшүндүрүү иштерин өзү жүргүзүп жатат.
Өлкө башчыны тегеректеген адамдар кассалык аппараттан тышкары базардагы орундардын кымбаттыгы, жайма базар сыяктуу бир катар көйгөйлөрүн дагы айтып жатышат.
Президент буга чейин «Дордой» базарын да кыдырып келгенин айтты.



