Коом

Былтыр 11 айда Кыргызстан 972,8 млн долларга алтын саткан

Кыргызстан 2023-жылдын 11 айында чет жакка 15,5 тонна алтын экспорттоп, аны сатуудан 972,8 млн доллар акча түшкөн. Бул тууралуу  Статистика комитетинин маалыматы билдирди.

Былтыр алтынды сатуудан түшкөн киреше 2022-жылга караганда 971,7 млн долларга көп болгон. 2022-жылы 1 млн 85,6 миң доллар гана акча түшкөн.

2023-жылы 11 айда сатылган алтындын көбү – 12,8 тонна Швейцарияга эскпорттолгон. Анын баасы 807 млн долларды түзгөн. Андан тышкары Гонконгго 85,2 млн долларга 1,4 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына 80,2 млн долларга 1,3 тонна алтын сатылган. Кыргызстандан алтын алган өлкөлөрдүн катарында Түркия да бар. Бул өлкөгө 341,7 миң долларга 5,6 алтын экспорттолгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button