Орусия: 2025-жылдын 9 ай ичинде 4500гө жакын мигранттар мыйзам бузуу менен депортацияланды

Орусияда 2025-жылдын тогуз ай ичинде жугуштуу ооруларга чалдыкканы аныкталып, анын ичинен мыйзам бузгандардын 4500гө жакын чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу 8-октябрда өткөн Москва шаары боюнча ИИМдин миграция маселелери башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Игорь Дудник билдиргенин маалымат агенттер жазып чыгышкан.
Анын айтымында, мигранттар документтерди алуу үчүн текшерүүдөн өткөн учурда, коомдук кооптуу инфекциялар аныкталып, анын жыйынтыгында алар өлкөдөн депортацияланган.
Ошондой эле Дудник төмөнкү маалыматтарды билдирди:
— 1 600дөн ашык мигрант баңги зат колдонуу белгилери менен кармалып, өлкөдөн чыгарылган;
— 150дөн ашуун чет элдик жаран өздүк маалыматтарын өзгөртүп, кийин чыгып кеткен;
— 240ка жакын адам эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталган.
Белгилей кетсек, быйыл 5-февралдан тарта Орусияда мыйзамсыз мигранттар боюнча ачык реестр иштей баштаган. Бул маалымат базасы иш берүүчүлөргө, мамлекеттик органдарга жана жарандарга жеткиликтүү болуп эсептелет.



