Коом

Былтыр дан эгиндери азайып, мөмө-жемиш көп болгон

Кыргызстанда 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,6 миллион тонна дан эгини алынды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Билдирмеге караганда, жогорудагы көрсөткүч 2022-жылдагыдан 13 пайызга аз.

2023-жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогорку температурасынын кесепетинен буудайдын түшүмү 25,7 пайызга, арпанын жыйымы 29,2 пайызга азайган.

Бирок 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырганда өткөн жылда кант кызылчасынын түшүмү 32,7 пайызга, тамеки 19,2 пайызга көп жыйналган. Жүгөрү 9,2 пайызга, жашылча өсүмдүктөрү 4,6 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 4,2 пайызга көп алынгандыгы белгиленген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button