Пайдалуу кеңештер

Агарган чачты кантип калыбына келтирүүгө болот. Адистин кеңеши

Адис чач 25 жашка чейинки куракта агара баштаса коңгуроо кагуу керектигин белгиледи. Чач эмне себептен жаш кезекте эле агарып кетерин жана аны кантип калыбына келтирүүгө болорун трихолог Юлия Нагайцева айтты.

Адис чач 25 жашка чейинки куракта агара баштаса коңгуроо кагуу керектигин белгилеген. Буга адатта рациондо айрым заттардын жетишсиздиги, стресс жана тукум куучулук сыяктуу үч фактор себепкер болот. Дарыгердин айтымында, 30 жашка чукулдаганда чачка организмдеги физиологиялык өзгөрүүлөрдөн улам ак түшөт.

«Чач эрте, башкача айтканда, 25 жашка чейин агарып баштаса темир, жез, цинк жана В тобундагы витаминдердин жетишсиз болуп жатышынан кабар берет. Мындан тышкары, генетика да бар. Чачтын агарышына стресс абалы да себепкер болот», — деди Нагайцева.

Дарыгер генетика алдында адам алсыз болсо, калган эки учур менен күрөшүүгө болорун белгиледи.»Агарган чачты калыбына келтирүүгө болот, бирок аракетти жаңыдан башталып келе жатканда көрүү керек.

Ак чач пайда болгонун көрөр замат доктурга кайрылган оң. Эгер эмне жетишпей жатканын дароо аныктап берсе, толуктап-өзгөртүп, чачтын кайсы бир бөлүгүн кайра карартып алууга болот. Тилекке каршы, адамдар өтө кеч болуп калганда келишет. Чачты карартам деген киши чукул арада аракет көрүшү кажет», — деди дарыгер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button