Коом

Тариэль Жаныбеков Баалуу металлдар департаментинин директору болуп дайындалды

Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаныбеков Тариэль Камалбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу металлдар департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.

Жаңы директорду Финансы министринин орун басары Татиков Руслан Сатылганович жамаатка тааныштырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button