Спорт
Садыр Жапаров Кыргызстан менен Катардын футбол беттешине күбө болду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Катардын улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.

Бул оюн 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын алкагында өттү.
Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.



