Коом

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева Кыргызстандан кетүү ниетин айтты

Ал интернеттеги баракчасына билдирүү жазган. Анда мурдагы жолдошу, соттолуучу Азамат Эстебесовго 20 жыл камакта жаза өтөө мөөнөтү берилгенине нааразычылыгын билдирген. 

«Сот аны өмүр бою абакка кесүү чечимин кабыл алгысы келгени менен мыйзам буга жол бербейт экен, мыйзам зордукчул тарапта болуп жатат», — деген ал. 

Ногойбаева паранойядан жабыркап жатканын, уйкусу тынч эмес экенин кошумчалап, эки баласы менен өлкөдө калуу ага коркунучтуу экенин белгилеген. Буга күйөөсү мунапыс менен чыкса кайрадан кол салат деген жүйөө келтирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button