Коом
Москвадан кармалып келген Каныкей Аранова 22-мартка чейин камакка алынды

1-февралда Москвадан кармалып келген Каныкей Аранова 22-мартка чейин камакка алынды. 2-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны камакта кармоонун мөөнөтүн аныктады.
Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей шектүүнүн камактагы мөөнөтүн аныктап берүү өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.
Каныкей Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылганы белгилүү болду.



