Коом
Мэрия Ахунбаев көчөсүндөгү жасала элек жатып, бузула баштаган асфальт боюнча үн катты

Муниципалитет бул кемчиликтерди тиешелүү кызматтар буга чейин аныктаганын айтып, ал тилкелер боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.
Жолду жасаган подрядчы уюмдар жолдун сапатына 3 жыл кепилдик берет. Бул убакытта жол тилкеси чөгүп, жарылып же мөөнөтүнөн мурда сапатын жоготсо, подрядчы өз эсебинен калыбына келтирет. Бирок бул иштерди башка жолдорду жасаган соң аткарышат.



